Жер жүзүндө бир эле тил болгон, адамдар бир эле тилде сүйлөшкөн.
Алар чыгыштан көчүп чыгып, Шинар жеринен түздүк таап, ошол жерге отурукташышты.
Анан алар бири-бирине: «Келгиле, кыш куюп, отко бышыралы», – дешти. Алар таш ордуна кыш, акиташ ордуна жер чайырын колдонушту.
Алар дагы: «Бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн, өзүбүзгө шаар жана асман тиреген мунара куралы, атыбызды чыгаралы.
Ошондо Теңир адам уулдары куруп жаткан шаар менен мунараны көргөнү төмөн түштү.
Теңир мындай деди: «Мына, бир эл, бардыгынын тили бир. Булардын баштаган иши ушул. Булар кылам дегенинен кайтышпайт.
Төмөн түшүп баралы да, бири-биринин тилин түшүнбөгүдөй кылып, ошол жерде булардын тилдерин аралаштырып салалы».
Ошентип, Теңир аларды ал жерден бүт жер жүзүнө таратып жиберди. Ошондо алар шаар курууну токтотушту.
Ошондон улам ага Бабыл деген ат берилди, анткени Теңир жер жүзүндөгү бардык тилдерди ошол жерде аралаштырды, Теңир аларды бүт жер бетине ошол жерден таратып жиберди.
Transliteration
Jer jüzündö bir éle til bolgon, adamdar bir éle tilde süylöşkön.
If you like this site and find it useful, you can support it by making a donation via PayPal or Patreon, or by contributing in other ways. Omniglot is how I make my living.
Note: all links on this site to Amazon.com, Amazon.co.uk and Amazon.fr are affiliate links. This means I earn a commission if you click on any of them and buy something. So by clicking on these links you can help to support this site.